Тывада шаурмадан уулангандардын саны 187ге жетти

Орусиянын Тыва республикасында шаурмадан уулангандардын саны 187ге жетти. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, Тывадагы шаурмага уулангандардын саны 187ге жеткен. Азыркы тапта аталган окуя боюнча кылмыш иши козголуп иликтөө иштери жүрүүдө.
Кызыл шаарындагы тез даяр болуучу тамактарды саткан жайлардын биринен тамактанып жана уулангандардын 86сы ооруканада болсо, калгандары үйүнөн дарыланып жатышат. Ууланган бейтаптардын абалы канааттандырарлык. Республика башчысынын айтымында, бейтаптардын абалы күндөн-күнгө жакшырып келе жатат.
Тийиштүү органдар азыркы тапта тамактануучу жайларды текшерүүгө алышкан. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, кардарлар эттен ууланышкан. Ал эт Хакасиядан келген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан