Ысык-Көл: Обладминистрациянын алдындагы митингчилер таркашууда
Ысык-Көл облустук администрациясынын алдына чогулган митингчилер таркашууда. Аймактык кабарчыбыз Айзат Анарбекова билдиргендей, чогулгандар жаңы дайындалган облус башчысы Эмил Каптагаевди кызматтан алып, ордуна анын орун басары Аскарбек Жаныбековду коюп берүү талабын коюшту. КРнын коргоо жана коопсуздук боюнча вице-премьер-министри Токон Мамытов бул сунушту өкмөт башчыга жеткирерин, жообу 2 күндөн кийин билине турганын айтып элдерди тынчтыкты сактоого чакырды.