Кыргыз дзюдочусу Эрлан Шеров Европа кубогунда коло медалды жеңип алды

Кыргыз спортчусу Эрлан Шеров Чехиянын Прага шаарында өткөн дзюдо боюнча жаштар арасындагы Европа кубогунда коло медаль утуп алды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын дзюдо федерациясынан билдирди.

Аталган мелдеште 39 өлкөдөн барган 493 спортчу 16 медалдар топтому үчүн күч сынашкан. Анда Кыргыз өлкөсүнөн 5 спортчу катышып, мелдештин жыйынтыгында Эрлан Шеров 3-орунду ээлеп коло медаль тагынды.

Эрлан Шеров 81 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, алгач швециялык Хитонен Леонидасты утуп, жарым чейрек финалда чехиялык Павел Швецти жеңип алды. Чейрек финалда, тилекке каршы, Шеров германиялык Эмил Хененнбахдан утулуп, көңүл жубатуучу раундда күч сынашканга мүмкүнчүлүк алды. Анда Эрлан Шеров испаниялык Адриан Каналести жана түркиялык Мухаммед Коцту утуп, коло медаль үчүн швейцариялык Лукас Виттвер менен күч сынашты. Кызуу беттештин жүрүшүндө Эрлан Шеров 1 мүнөттүн ичинде атаандашын иппон ыкмасы менен көтөрүп чаап утуп алды.

Муну менен Эрлан Шеров соңку айда 2-ирет Европа кубогунда коло медалды тагынууда. Буга чейин Шеров Венгрияда өткөн мелдешке катышып, коло медалды жеңип алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан