Бүгүн, 23-июль. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Белгилүү журналист, өзүнүн резонанстуу иликтөөлөрү менен элге таанымал Улан Эгизбаев мезгилсиз дүйнө салды. Ал 28 жаш курагында Чолпон-Атада, түшүнүксүз жагдайда көлгө чөгүп каза болду. Бүгүн өзү иштеген "Азаттыктын" кеӊсесинде аны эскерүү митинги өттү.
Улан Эгизбаевдин Бишкек ЖЭБин жаӊылоо ишиндеги күмөндүү жагдайлар, Мамлекеттик тарых музейин оӊдоп-түзөөдөгү шектүү баалар, Бишкектин четинде көрүстөндөн жер сатуу фактысы, дагы ушуга окшогон көп иштер боюнча даярдаган журналисттик иликтөөлөрү коомчулукта көп талкууларды жараткан. Иликтөөлөрүндө көтөрүлгөн айрым маселелер мамлекеттик органдардын териштирүү жүргүзүүсүнө себепчи болгон.
Бүгүн Улан Эгизбаевди эскерүү митингинде сөз сүйлөгөндөр анын тайманбастыгын, курчтугун, Кыргыз үчүн күйгөнүн жана коррупционерлер менен жалтанбай күрөшүп келгенин баса белгилешти.
Кырсыктан саналуу күндөр мурун Эгизбаев Кыргыз почтасы аркылуу өзүнө 2 конверт келгенин, бирок экөөндө теӊ эч нерсе жазылбаган актай кагаз болгонун өзүнүн интернеттеги жеке баракчасы аркылуу жарыялаган эле. Айрымдар кылмыш дүйнөсүндө конвертке актай кагаз салып жиберүү конверт жөнөтүлгөн адамга "акыркы эскертүү" деген белги экенин айтышып, дагы бири "бул конверттер ууланган болуп жүрбөсүн" дешип, көпчүлүк журналистти сак болууга чакырган эле. Андыктан журналисттин өлүмү анын ишмердүүлүгүнө байланыштуу болушу мүмкүн деген күмөн саноолорду жаратып, журналисттик ишмердүүлүгү үчүн өмүрүнөн айрылгандарды эске салды. Алсак, Бакиевдик бийликтин тушунда журналисттер Алишер Саипов, Геннадий Павлюк өлтүрүлүп, Сыргак Абдылдаевдин өмүрүнө кол салуу болуп, аман калган. Журналисттерге кысым көрсөтүү Атамбаевдик бийликтин тушунда жаңы түс алып, миллиондогон доолорго жыгуу менен уланды. Уланбек Эгизбаевдин өлүмү боюнча соттук-медициналык экспертизанын болжолдуу жыйынтыгы журналист сууга чөгүп каза болду деп чыкты. Чөктүбү же чөктүрүлдүбү? Бир нече күн мурун жиберилген конверттеги актай кагаздар менен анын өлүмүнүн байланышы барбы? ИИМ баштаган тийиштүү органдар бул суроолорго жооп табуусу зарыл...
Бишкектин мурдагы мэри Албек Ибраимовго эми коррупция боюнча айып тагылды. Ал Бишкекте мыйзамсыз жер сатууга күнөөлөнүүдө. УКМКнын маалыматы боюнча, Ибраимов жеке пайдасын көздөп, мэриядагы башка адамдар менен бирге баш калаадагы жер тилкелерин өздөрүнө караштуу адамдарга каттап, алар аркылуу башка бирөөлөргө ири суммага сатышкан деп шектелип жатат.
Сөз акыркы жылдарда шаардын элиталык аймагына айланган Айтматов-Түштүк магистраль көчөлөрүнүн кесилишиндеги жердин "Ихлас" компаниясына, көп кабаттуу үй курууга берилип кетиши жөнүндө болууда. Бул иштин алкагында териштирүү жүргүзүп жаткан УКМК Ибраимовго дагы бир оор айып такты. Буга чейин Ибраимовго "Дастан" заводун жетектеп тургандагы сатып алуулар боюнча кылмыш иши ачылып, мамлекетке 470 миӊ доллар зыян келтирди деп тергөө жүрүп жаткан. Ибраимов шаар башчылык кызматтан 10 күн мурун шаардык кеӊеш аркылуу мажбур түрдө четтетилип, 19-июлда УКМКнын тергөө абагына 2 айга камакка алынган.
Бишкекте мыйзамсыз жер тилкелерин сатуу бүгүн башталган маселе эмес. Буга чейин кадимки жер тилкелери түгүл шаардык сейил бактардын аймагы сатылып, чоңдордун хан сарайлары орун алган аймактарга же кафе, ресторан, тойканаларга айланып кеткен мисалдар бар. Алсак, "Ата Түрк" сейил багынын жери четинен сатылып, ал жерлерге эбак хан сарайлар туруп калган. 2003-жылы аталган сейил бакка "республикалык маанидеги өзгөчө кайтаруудагы объект" деген статус ыйгарылган. Бирок бул статус жашыл аймакты жер мафиясынан куткарып кала алган жок.
2013-жылы Дайыр Асанов атындагы Жеӊиш сейил багынын аймагы боюнча ал кездеги Бишкек шаарынын мэри, учурда парламент депутаты Иса Өмүркуловго жана мэриянын бир нече кызматкерине кылмыш иши ачылган. Өмүркуловго коррупция эмес, сейил бактын чек арасын аныктоодо жер мыйзамын бузган деген айып тагылган. Тагыраагы, Өмүркуловдун токтому менен сейил бактын аянты 14 гектарга кичирейип бекитилген, анын ичинен 3 гектар жер жеке жактарга убактылуу колдонууга бөлүнүп берилген деген кине коюлган. Карапайым тилде айтканда Өмүркулов Бишкектин башчысы кезинде Жеңиш аянтынын аймагы кичирейтилип, бошогон жер тилкелери кафе, ресторан куруп, бизнес кылууну көздөгөндөргө колдонууга берилип кеткен. Башкача айтканда, Албек Ибраимов коррупция боюнча айыпталып жаткан схемага абдан окшош. Бирок Өмүркуловго коррупция беренеси тагылган эмес.
Оппозициялык "Ата Журт" партиясынын Ахматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров өӊдүү лидерлерине оор айыптар тагылып, камалып, бийликке "жалаӊ оппоненттерин камап жатат" деген сын айтылып жаткан ал кезде бийликчил КСДПнын өкүлү Өмүркуловдун жазага тартыларына коомчулукта ишеним аз эле. Күтүлгөндөй эле сот Өмүркулов баштаган мэриянын аткаминерлерин актап чыгарды. Бийликтин тапшырыгын дайыма кыйшаюусуз аткарган укук коргоо органдары "коррупция" беренесин бул берене коюлушу керек болгон бардык учурда эмес, керектүү маалда, керектүү адамдарга гана колдонуу адатын улантууда. Айта кетсек, Ибраимовго да алгач "ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же жок кылуу" беренеси менен айып тагылган. Ал кармалып, камакка алынды. Буга кошумча ага коррупция боюнча да айып тагып, муну менен азыркы бийлик Ибраимовго жаза катаал болорун эскерткенсиди.
Соодаланып кеткен сейил бактын жерлерине кайтсак. Мыйзамсыз жол менен мыйзамдаштырылып кеткен жерлер жалаӊ эски-жаӊы аткаминерлерге, депутаттарга, акчалууларга тийди. Эгер мэрия сейил бактын аянтын кичирейтип, бошогон жерди жер тилкеси катары берүүгө даяр болсо, эмнеликтен ал жерлер көп жылдык тажрыйбасы бар, айлыгы аз мектеп мугалимине, врачка же өрт өчүрүүчүгө берилбейт?..
Сагынбек Абдрахманов баштаган КСДПнын бир нече өкүлдөрү экс-президент Алмазбек Атамбаевди КСДПдан чыгаруу аракетин райондук деңгээлден баш калаанын деңгээлине алып чыгышты. Тактап айтканда, коомдук ишмер, КСДПнын көп жылдык мүчөсү Сагынбек Абдрахманов өлкөнүн бардык аймактарында "КСДП Атамбаевсиз" деген ураандын алдында жыйындарды өткөрүшөрүн, Алмазбек Атамбаевди ишенимди актабаганы үчүн партиядан чыгарууну максат кылышарын жарыялады.
Буга чейин ушундай ураан менен Чүйдүн Москва районунда жыйын өткөн. Алмазбек Атамбаев башында турган КСДПнын катчылыгы бул жыйынды эч кандай юридикалык күчкө ээ эмес жыйын деп атаган. Абдрахманов "Атамбаев партия лидери катары үмүттү актаган жок, партияны булганган адамдардан тазалоо керек",- дейт. Кимди ким тазалайт? КСДПнын курамын тазалап, партияны келерки шайлоолорго даярдоо Атамбаевдин да негизги максаттарынын бири. Айырмасы - Атамбаев бүгүнкү күндө КСДПнын төрагасы болсо, Абдрахманов КСДПнын катчылыгынын билдиришинче, эбак КСДПнын катарынан чыгарылган адам. Ал КСДПны партияга салымы жок эле адамдар ээлеп алып, эмгеги сиӊген мүчөлөр четте калганын былтыр президенттик шайлоо алдында айтып, сындап чыккан.
Өлкөдөгү саясий партиялардын салмагы 2020-жылы өтүүчү парламенттик шайлоодо кайрадан таразага түшөт. 2010-жылга чейин үзөӊгүлөштөр болуп келген "Ата Мекендин" лидери камакта, КСДПнын төрагалыгы талашта, дагы бир салмактуу "Республика" партиясынын лидери болсо качып бозгунда жүрөт. Мындай абал бийликти жаңы партия түзүүгө түртүшү мүмкүн. Балким өзүнүн "жылдыздуу" маалын күтүп турган партиялардын бирин алып чыгат. Айтор, кыргыз элин алдыда абдан кызыктуу парламенттик шайлоо күтүп турган кези...
Бишкек шаарынын мэри 8-августта шайланат. БШК баш калаанын башчысы шайлана турган күндү жарыялады.
Борбор шаардын башчылыгына талапкерлердин тизмеси расмий жарыялана элек. Талапкер болушу мүмкүн дегендердин арасында Жогорку Кеӊештин мурдагы депутаты Улукбек Кочкоров, Бишкек шаардык кеӊешинин учурдагы төрагасы Алмаз Кененбаев, Бишкек шаардык кеӊешинин мурдагы депутаты Жамалбек Ырсалиев, мурдагы транспорт министри Аргынбек Малабаев, экс-премьер Темир Сариев, борбор шаарды буга чейин да башкарган Нариман Түлеев менен Иса Өмүркулов бар.
Мурдагы шайлоодо Албек Ибраимов шаардык кеӊештеги КСДП фракциясынын атынан жалгыз талапкер болуп сунушталып, ага 45 депутаттын 42си макул деп добуш берген. Кийинки шайлоодо Албек Ибраимовго 29, атаандашы Нурдин Абдылдаевге 12 депутат добушун берип, анда да Ибраимов жеӊип алган. Шаар башчысы болушу мүмкүн деп аты аталып жаткандарга токтолсок. Улукбек Кочкоров Жогорку Кеӊештин 5-чакырылышында "Ата Журт" фракциясынан депутат болгон. 2017-жылкы президенттик шайлоого ат салышып, 11 талапкердин ичинен 6-орунду ээледи. Интернет желесинде аны мэрлик кызматка татыктуу дегендер аз эмес.
Алмаз Кененбаев КСДПнын атынан учурда Бишкек шаардык кеӊешинин төрагасы, учурунда Албек Ибраимовду колдоп добуш берип, кийин ишеним көрсөтпөө жолу менен аны кызматтан кетирүүнүн башында тургандардын бири.
Аргынбек Малабаев 2016-жылы Балыкчы-Корумду жолун куруу боюнча өткөн тендер чуусунан улам транспорт министри кызматынан кеткен. Ага чейин 2010-2015-жылдары "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасын жетектеген.
Темир Сариев да 2016-жылы Балыкчы-Корумду трассасын куруу боюнча чыккан жаӊжалдан улам премьерлик кызматтан алынган.
Нариман Түлеев Бишкектин мэри кезинде шаарда айрым жылыштар болгону эл оозунда айтылып жүрөт. Ал 2013-жылы коррупциялык иштерге айыпталып соттолуп, 4 жыл түрмөгө отуруп, 2016-жылы мунапыс аркылуу эркиндикке чыккан.
Учурда Жогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркулов да 2010-2013-жылдары Бишкек шаарынын мэри болуп турган. КСДПнын бир нече жылдык өкүлү.
Мыйзамга ылайык, мэрлик кызматка талапкерди шаардык кеӊеш жана премьер-министр көрсөтө алат. Бирок соӊку 7 жылда бир дагы өкмөт башчы бул укугунан пайдаланган эмес. Шаардык кеӊештеги 45 депутаттын жарымынан көбүнүн добушун алган талапкер жеӊүүчү деп табылат. Добуш берүү жашыруун добуш берүү жолу менен өтөт.
Парламент депутаты Кенжебек Бокоев мэрди түз шайлоо керектигин, ансыз шаардыктардын көӊүлүнө жаккан адам шаар башчылыгына келе албасын, 23 депутаттын добушу менен шайланган мэр ошол депутаттарга, жана бийликке гана көз каранды болорун айтат. Бийлик мэрлик кызматка эл жактырган талапкерди эмес, өзүнө ыӊгайлуу адамды отургузууну каалайт. Мэр шайлоо бара-бара күчтүү атаандашуусуз өтүп, катуу күрөшсүз, бийликтен сунушталган талапкерди бир добуштан шайлоо адатка айланып калды. Мэрлерди түз шайлоого эл даяр эмес деген да саясатчылар бар. Бирок бул пикир суроо жаратат. Өлкө башчысын шайлай алган эл, эмнеге шаар башчысын шайлай албасын?..