"Өлкөнүн бардык аймактарында "КСДП Атамбаевсиз" деген ураандын алдында жыйындар өтөт" дейт Сагынбек Абдрахманов

Өлкөнүн бардык аймактарында "КСДП Атамбаевсиз" деген ураандын алдында жыйындар өтөт. Бул тууралуу 23-июлдагы маалымат жыйында анын уюштуруучусу Сагынбек Абдрахманов билдирди.

"Экс-президент Алмазбек Атамбаев КСДП партиясынын мүчөлөрүнүн ишенимин актаган жок. Ошол себептен анын партияны жетектөөгө акысы жок. Биз биринчи жыйынды Москва районунда өткөрдүк, 25-июлда Сокулук районунда өткөрөбүз. Биз Чүй аймагында гана өткөрмөкпүз, бирок өткөн жыйындан кийин аймактардагы партиянын ардагер мүчөлөрү сунуш киргизишти. Аймактарда жыйын өткөрүп, булганган адамдарды партиядан чыгаруу маселелери талкуулана турган болду", - деди Абдрахманов.

Эске салсак, 10-июлда Чүй облусунун Москва районунда "КСДП Атамбаевсиз" деген ураан менен жыйын өткөн. Буга КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева жооп кайтарган. "Партиянын конференциясы КСДПнын катчылыгы менен биргеликте өткөрүлүшү керек. Өткөн чогулуштун конференция деген макамы жок. Анткени жыйын КСДПнын талаптары менен өткөн эмес", - деп билдирген.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан