Футзал боюнча клубдар арасындагы Азия чемпиондугунда катыша турган Оштун "EREM" командасынын курамы белгилүү болду

Футзал боюнча клубдар арасындагы Азия чемпиондугунда катыша турган Оштун "EREM" командасынын курамы белгилүү болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын футбол федерациясы маалымдады.

2018-жылдын 1-12-август аралыгында Индонезияда өтө турган мелдешке башкы машыктыруучу Данияр Абдыраимов "EREM'дин" курамына 14 спортчуну чакырган. Июль айында кураманын тизмесине 2 чет элдик спортчу кирген. Алар Ооганстан улуттук курамасынын оюнчусу Акбар Каземи жана Казакстан улуттук курамасынын оюнчусу Павел Таку.

Айта кетсек, клубдар арасындагы Азия чемпиондугунда 16 өлкөнүн чемпиондору катышат. Чүчү кулактын жыйынтыгында Кыргыздын "EREM" командасы "С" тайпасына туш келип, таиланддык "Чонбури Блувейв, катардык "Аль Салия" жана австралиялык "Вик Вайперс" менен кездешет.

"EREM" командасынын тизмеси:

Дарбазачылар: Кирилл Ермолов, Нуртилек Жайлообаев;

Оюнчулар: Юлдаш Салимбаев, Дильшат Кадыров, Сухроб Шерабидинов, Манас Абдрасул уулу, Павел Таку, Акбар Каземи, Максат Алимов, Улан Байгазы уулу, Адилет Култаев, Бексултан Назаров, Досбол Надиров, Эмиль Канетов;

Башкы машыктыруучу: Данияр Абдыраимов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
BekAmir
2018-07-23 15:49:34
Ийгилик
0
monster_high_98
2018-07-23 15:50:39
Кирилл Ермолов мыкты дарбазачы,тренер Полховский болгондо жакшы болмок да,эмнеси болсо да ийгилик эми,Азиядан чыккыла,умут чон силерден,футболго караганда футзалдан рейтинг жогору,,Силер кучтуусунор!Колунардан келет!
+1
futboler
2018-07-23 18:43:52
Курамасы эмес курамы деп жазгыла, курамасы деген сборный, курамы деген составы болот
0
Hatali
2018-07-23 19:54:15
Жениш менен келгиле мекендештер.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан