Ушул жылдын 27-майынан 1-июнуна чейин Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда "Кумтөр" боюнча өткөн митингде жаракат алган Таалай Асанбаев учурда Бишкек шаарында дарыланууда. Саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаеванын айтымында, атайын текшерүүлөрдүн жыйынтыгы чыгып, Т.Асанбаевдин абалы жакшы экендиги белгилүү болду. "Ал учурда реанимация бөлүмүндө дарыланып жаткандыктан, ал жакка кирүүгө тыюу коюлган. Буюрса, жакынкы күндөрү палатага которулат",- деп кошумчалады Сагынбаева