Талас облусунун 6 жаштагы тургуну жол кырсыгынан каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Талас ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 22-июлда болжол менен саат 22:30 чамасында катталган.
"Талас районундагы Манас айылынын 24 жаштагы айдоочусу Stepwgn үлгүсүндөгү унаасын айдап келе жатып 6 жаштагы баланы сүзүп кеткен. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, бала жолго велосипеди менен чыга калганы айтылууда. Жабырлануучу ооруканадан өзүнө келе албай жатып каза болгон", - деди маалымат катчы.
Учурда айдоочу Талас ШИИБинде сурак берүүдө, тергөө иштери башталды.