Чүйдө 17 жаштагы өспүрүм айдаган унаа башкаруудан чыгып жол четиндеги бетонду сүзүп, бир адам каза болду

Панфилов районунун Чалдыбар айылында жол кырсыгы катталып, 17 жаштагы өспүрүм каза болду. Бул тууралуу Чүй облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдирди.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 21-июль күнү саат 17:30 чамасында катталган.

"17 жаштагы Ж.А. аттуу Чалдыбар айылынын тургуну О.Б. аттуу жаранга тиешелүү болгон Субару Ланкастер үлгүсүндөгү унааны айдап чыккан. Ал Бишкек-Чалдыбар унаа жолунун 84-чакырымында чыгыштан-батышка бара жатып рулду башкара албай калган. Мунун кесепетинен унаа жолдон чыгып, жолдун жээгиндеги чоң бетонду сүзүп өтүп, оодарылып калган. Жол кырсыгынан унаада отурган 17 жаштагы Т.Р. аттуу жүргүнчү оор жаракат алып, ооруканага жетпей каза болгон. Ал эми дагы эки жүргүнчү жана айдоочу жеңил жаракаттарды алган", - деди аталган башкармалыктан.

17 жаштагы каза болгон өспүрүмдүн ата-энеси жана туугандары айдоочуга дооматы жок экенин билдирдип, соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн жана арыз жазуудан баш тартышкан деп кошумчалайт басма сөз катчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
nur...nur.
2018-07-23 18:23:14
Олду дегег кабар кундо куру эмес
+1
Merelisha
2018-07-23 18:38:24
Кундо олум;((
+1
monster_high_98
2018-07-23 18:42:10
Эмне кочодо машинаны 17 жаштагылар кенири айдап калганбы
+1
Rifle_I
2018-07-23 22:30:21
monster_high_98,
Паспорт алгандан кийин, айдоочу күбөлүктү 3 айда аласың.
Айдоочу күбөлүктү алган күндөн баштап, 3 жыл ичинде эң жогорку ылдамдык 70км.сааттан ашпашы керек.
0
Hatali
2018-07-23 19:46:57
Дагы бир сатылган праванын пайдасы.
+1
adi.ali94
2018-07-23 22:39:00
Айдоочулук күбөлүк 18 жаштан берилет
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан