Теги пуэрто-рикалык болгон америкалык ырчы, актриса Женнифер Лопес 1969-жылы 24-июлда Нью-Йоркто туулган. Дүйнөгө атагы чыккан америкалык актрисанын балалык күндөрү бий менен байланышкан.
7 жашында бий өнөрүн мыкты өздөштүргөн Женни эки жылдан кийин чоң концерттерге катышып, апасын сүйүнткөн.
Ырчылык карьерасын 1987-жылы баштап, бир нече музыкалык сынактардын жеңүүчүсү аталган. Сегиз альбому ийгиликтүү жарык көрсө, дагы 3 ырлар жыйнагы угармандарына тартууланган. 2013-жылы Голливуддун Даңк аллеясындагы жылдыздардын бирине аты жазылган.
Женнифер Лопес чыгармачылыктан сырткары бизнес менен да алектенет. Ал 2012-жылы ресторан ачса, 2015-жылдан тарта айымдарга арналган кийимдерди жана парфюмдарды чыгарып келет.
Ал кино жаатында үзүрлүү эмгектенип 30дан ашык тасмада роль жараткан. 1998-жылы "Алтын глобус" сыйлыгына ээ болгон.
Актрисанын жеке жашоосу коомчулукка жана жалпыга маалымдоо каражаттарына кеңири жайылган. Ал 1997-1998-жылдары ошол кезде Майамиде тейлөөчү болуп иштеген Охани Ноа менен үй-бүлө куруп, бирге жашаган.
1999-жылы америкалык рэпер
Жон Комбс менен сүйүү мамилесинде болсо, 2001-2002-жылдары
Крис Жадд аттуу бийчи менен никеге турган.
2002-жылы Бен Аффлек аттуу актёр менен мамиле куруп, 2004-жылы Марк Энтониге турмушка чыккан. Түгөйлөр 2008-жылы экөө Макс жана Эмми аттуу эгиз балдардын ата-энеси болушкан. Тилекке каршы, үй-бүлө очогу көпкө тутанбай 2014-жылы түгөйлөр ажырашып кетишкен. Андан соң Каспер Смарт жана рэпер Дрейк менен мамиле курган.
2017-жылдын март айынан тарта бейсболчу Алекс Родригес менен кыз-жигиттик мамиледе.
24-июлдун жылнаамасы.