2017-жылдын 9-сентябрь күнү Аламүдүн районундагы айылдардын биринде 8 жаштагы кызды зордуктоого аракет кылды деген шек менен 67 жаштагы Б.К. аттуу жаран кармалган.
Чүй ОИИББинин берген маалыматына ылайык, 2017-жылдын 9-сентябрында Б.К. аттуу 67 жаштагы адам саат 17:30 чамасында дүкөнгө бара жаткан 8 жаштагы кызды кармап өпкүлөп, кыйкырганына болбой ич кийимдерине чейин колун салып, ыплас аракеттерди жасаган. Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери мас абалындагы 1951-жылы туулган Б.К. аттуу кишини кармашкан. Бул окуя боюнча Аламүдүн РИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер) менен кылмыш иши козголуп, тиешелүү соттук экспертизалар дайындалган. Бул окуя боюнча Аламүдүн райондук сотунун чечими чыгып, айыпталуучу 15 жылга эркинен ажыратылган. Бирок буга каршы экенин билдирген соттолуучунун жакындары Чүй облустук сотуна кайрылышкан.
8 жашар кыздын ата-энеси SUPER.KG порталына соттолуучу жазадан качып, ар түрдүү нерселерди ойлоп таап жатат дейт.
"Райондук сот айыпталуучуга 15 жыл берген. Бирок анын туугандары чечим чыкканга чейин эле биз тааныбаган 10-12 жаштардагы кичине кыздарды алып келишип, кызыңар бакка чыгып, андан түшүп жатканда бактын бутагы денесин чийип кеткен дедирип жатышты. Кызымды ошол күнү юбка кийип жүргөн дешүүдө. Кыздардын өздөрүнөн сурасак дагы "биз бактан түшүрүп жатканда ал ошол жерин бутакка чийдирип алып анан канап кеткен. Андан кийин ал үйгө барып чолок шым кийип келди" деп айтып жатышат. Бирок кызым ал күнү эч кандай юбка кийген эмес. Болгону булар жазадан кутулуунун амалын ойлоп, жактоочусу тарабынан ушундай нерселерди ойлоп чыгарып жатышканы айдан ачык болууда.
Экспертизада кыздын аялуу жеринде тытылган такты далилдеп берген. Ошондон улам тигил тарап экспертизаны бактан түшүп жатып деле ал жери канаган болушу мүмкүн дегенге алмаштыргылары келип жатат. Менин кызым күбө катары келген секелек кыздар менен дагы ойногон эмес. Себеби кызым кичинекей болуп турса өзүнөн 3-4 жаш улуу кыздар менен ойношу мүмкүн эмес да. Райондогу соттук процесс жүрүп жатканда абышканын туугандары кечирим сурап, күнөөсүн моюнга алып жатышкан. Качан гана айыпталган жаран абакта мындай кылмыш менен баргандар катуу жаза аларын билдиби же бир четин көрүп калдыбы "ал ооруп, өзүн жаман сезип жатат" дешип, абактын ооруканасынан чыкпай жатат. Биз негизи райондук соттун чечимине макул болгонбуз, облустук сотко анын жакындары кайра арыз жазышты.
Мен тигил тарап келтирип жаткан жүйөлөр менен абышканын жазадан кутулуп кетишин каалабайм. Балким, сотторго акча берип жатышкандыр. Биз болсо облустук сот айыпталуучуну актап койбосун деп массалык маалымат каражаттарына чыгарып жатабыз", - деди жабырлануучу кыздын апасы.