ЖЫЛНААМА, 25-ИЮЛЬ: Бразилиялык футболчу, учурда кытайлык "Шанхай СИПГ" футбол клубунун чабуулчусу Халк 32 жашка чыкты

Бул күнү 1986-жылы "Халк" деген ысымы менен таанылган бразилиялык футболчу Живанилду Виейра де Соуза туулган.

Ал атаандашын эң мыкты алдап өтүү, узак аралыктан сокку узатуусу жана таамай чыгарып берүүлөрү менен белгилүү. Халк - айып соккуну да мыкты аткарат. Оюн талаасынын капталында да, борбордук бөлүгүндө да ойноого жөндөмдүү.

Халк карьерасын 12 жашында "Зе до Эгито" футбол командасына кошулуу менен баштаган. 16 жашында бразилиялык "Витория" клубу менен келишим түзгөн.

2009-жылдан тарта Бразилиянын улуттук курамасында ойноп келет. 2011-жылы "Порту" клубунун курамында жүргөн кезинде Европа Лигасын жеңүүгө жетишкен. 2012-жылы жайында Бразилиянын олимпиадалык курамасында оюн көрсөткөн.

2005-жылдын февраль айында футболчуну япониялык "Кавасаки Фронтале" клубу сатып алган. Халктын бул клубдагы дебюту "Нагоя Грампус" клубуна каршы ойногондо болгон, ал эми атаандаштын дарбазасына алгачкы тобун ошол жылы 2-июлда "Джубило Ивата" клубу менен ойногондо киргизген. 12 матч өткөрүп, 3 топ киргизген.

2006-жылы "Консадоле Саппоро" клубуна ижарага ойногон.

2008-жылы 26-июлда "Порту" клубу менен келишим түзгөн. 2010-жылы 19-февралда Халк Португалия чемпиондугунда 14-оюндан кийин стюарддарга кол салганы үчүн футболдон 4 айга четтетилген.

2010-2011-жылдардын сезонунда Португалия чемпиондугунда Халк 23 топ киргизип, "мыкты бомбардир" деп табылган.

2012-жылы 3-сентябрда орусиялык "Зенит" клубуна өткөн. Бул клуб менен ал эл аралык мелдештерде жеңишке жетише алган жок. 2016-жылы футболчу Кытайдан келген сунуштан баш тарта албай, "Шанхай СИПГ" клубуна кошулган. Учурда Кытайдын "Шанхай СИПГ" командасында чабуулчу, ал эми Бразилиянын курама командасында ойноп келет.
Футболисттин кош жарандуулугу бар. Ал учурда футболдук карьерасына байланыштуу Бразилиянын, ошол эле учурда Япониянын да жараны.

Үй-бүлөлүү. Халк Жубайы Иран менен Япониянын командасында ойноп жүргөн мезгилде таанышкан. Түгөйлөрдүн Иан жана Тьяго ысымдуу балдары бар. 2016-жылы Алиса аттуу кызды асырап алышкан.

25-июлга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан