ЖЫЛНААМА, 25-ИЮЛЬ: Мындан 10 жыл мурун СССРдин Эл артисти Михаил Пуговкин көз жумган

Мындан 10 жыл мурун, 2008-жылы 25-июлда советтик жана орусиялык актёр, СССРдин Эл артисти Михаил Пуговкин 85 жашында көз жумган.Актёр 1923-жылы 13-июлда туулган. Үй-бүлөсү менен 1938-жылы Костром губерниясынан Москвага көчүп келет. Ар кайсы театрларда эпизоддук ролдорду аткарып жүрүп, 1941-жылы киного тартылууга сунуш түшөт. Ал тартылып жаткан "Артамановдордун иши" тасмасы жарыкка чыга электе Улуу Ата Мекендик согуш башталган. Атасы жана агаларынын артынан ал да фронтко жөнөйт. 1942-жылы бутунан жаракат алып, госпиталга жаткырылат. Көп убакыт дарылангандан кийин Москвадагы театрга кайтат.
Михаил Пуговкин "Кубандык казактар", "Жоокер Иван Бровкин", "Илья Муромец", "Кыздар", "Операция "Ы" же Шуриктин укмуштуу окуялары", "12 отургуч", "Иван Васильевич кесибин өзгөртөт" жана башка тасмаларындагы ролдору аркылуу белгилүү болгон.

25-июлдун жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан