Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев: "Ичүүчү суунун тарифинин төмөндүгүнөн улам таза суу баркталбай жатат"

Өкмөт таза суунун тарифин жогорулатканы жатат. SUPER.KGпорталынын "Элдин эң башкы байлыгын өкмөт элге кымбат сатышы керекпи?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев жооп берди.

Ал азыркы заманда ар бир нерсенин баасы болушу керек деген пикирде.

"Азыркы учурда элдин 40 пайыздан ашыгы таза суу менен камсыз болгон эмес. Буга суунун баасынын төмөндүгү, каржы булагынын жетишсиздиги жана таза сууну барктабаганыбыз себеп болууда. Суу бекер болгону үчүн эч ким барктабай, каалагандай колдонуп жатат. Менин оюмча, таза сууга татыктуу, эл кыйналбаган, аз эмес баа коюлса жакшы болмок. Ошого жараша мамиле жасалмак. Эскирген түтүктөрдү алмаштырганга жана башка иштерге жумшаганга каражат болмок", - деди Тиллаев.

Жогорку Кеңештин депутаты Мухтарбек Айнакулов, Айнуру Алтыбаева, Улугбек Ормонов, укук коргоочу Калича Өмүралиева, экономист Кубан Чороевдин пикири төмөнкү шилтемеде.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан