Бишкекте катуу ылдамдыкта келе жаткан унаа жол кырсыгына кабылып, экиге бөлүнүп кетти

Бишкек шаарынын Аалы Токомбаев көчөсүндө Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаа катуу ылдамдыкта келе жатып электр мамысын сүзүп, экиге бөлүнүп кетти. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы бүгүн, 25-июлда саат 09:00дөр чамасында болгон.

"Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаа Аалы Токомбаев көчөсү менен түндүк-батышты көздөй катуу ылдамдыкта бара жатып, айдоочу унааны башкара албай электр мамысын сүзүп алган. Кагылышуудан улам унаа экиге бөлүнүп кеткен. Алдын ала маалыматтар боюнча айдоочу мас абалында болгон. Бактыга жараша, айдоочу аман калган. Азыркы тапта ал алган жаракатынан улам №4-шаардык ооруканага жеткирилди", - деп билдирди аталган башкармалыктан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
saana
2018-07-25 11:12:09
Тоба кылдым акырын айдаса эмне болот? Кудайым сактасын
+10
Dalil
2018-07-25 11:20:41
Мас болуп унаа айдагандарды биринчисине чоң суммада айып төлөтүп экинчисинде өмүр бою унаа айдаганы тыюу салбаса тыйылбайт.
+14
Chagylgan1
2018-07-25 11:23:14
Dalil, байларга акча кеп эмес да...

Биринчи жолу 3 жылга унаа башкарууга тыю салуу керек. Кайталанса 5 жыл. Учунчусундо бир омур унаа айдоого тыю салуу керек.

Тыю салынган убакта мыйзамды бузуп унаа айдаса озун камоо керек, 2-3 жылга.
+8
Modric10
2018-07-25 13:58:19
ушундай катуу сузуп озу аман калганына тан калдым
+5
monster_high_98
2018-07-25 15:34:55
Modric10,Ичээр суусу тугоно элек да
+3
eraly_kgkg
2018-07-25 14:20:17
Мындан да катуурак айдаш керек...
+2
aikokul14
2018-07-25 14:34:22
Катуу айдагандардын өз башына эле көрүнсүн,айдап барып өзү тыгылып өлсө го мейли,себеби өзү күнөөлүү.Эң өкүнүчтүүсү ошол өпкөсү жок айдоочунун айынан канча жаш өмүрлөр,канчалаган бала жетим калып жатат.
+6
neizvesnyi
2018-07-25 20:26:14
Узулуп кеткиче айдап тырго не бал айланып барып жамбашынан сузгонго
0
Akyl78.1501
2018-07-25 22:17:35
Саткыла праваны ГАИ лер
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан