Биринчи Май райондук соту Райымбек Матраимовдун Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары кызматына кайра коюу боюнча чечим чыгарды. Бул тууралуу бүгүн, 25-июлда өткөн сот отурумунда белгилүү болду.
Райондук соттун судьясы Алмаз Калыбаев арыз берүүчү тараптын өтүнүчүн канааттандыруу менен чечим кабыл алды.
Эске салсак, Исаков Матраимовду 2017-жылдын 23-ноябрында "иши саясий жетекчиликтин чечимдерине жана жүргүзгөн саясатына каршы келет" деген жүйө менен Бажы кызматынын төрагасынын орун басарлыгынан алган. 26-апрелде Матраимов "мени негизсиз жумуштан алды" деп Исаковду сотко берген. Матраимов жумуштан мыйзамсыз алынганын белгилеп, кайра өз кызмат ордуна дайындалуусу керектигин талап кылууда.
Белгилей кетсек, Сапар Исаков Бишкек ЖЭБ боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде 5-июнда УКМКнын СИЗОсуна эки айга камакка алынган.