Кечээ, 13-ноябрда президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Каракол шаарынын, Түп жана Ак-Суу райондорунун тургундары менен жолугушту. Анда мамлекет башчысы өлкөдөгү улуттар аралык ынтымакты бузууга багытталган аракеттер тууралуу айтып, буга чейин жасаган кайрылуусунун себебин түшүндүрдү.
Анын айтымында, айрым адамдар президенттик шайлоону үзгүлтүккө учуратуу максатында кыргыз-өзбек улуттарынын ортосунда жаңжал чыгаруу керектигин талкуулашкан.
"Эмне кылсак бул президенттикти утабыз? Эмне кылсак ушул шайлоону болтурбай коёбуз? — десе бирөөсү: “Улут аралык өзбек-кыргыз кылып ийиш керек, ошондо шайлоо өтпөй калат”, деп айтып жатпайбы. Мен ошон үчүн эскертүү катары кайрылуу жасап койдум", — деди Садыр Жапаров.
Президент мындай аракеттерге жол берилбей турганын айтып, мамлекеттин тиешелүү күч түзүмдөрү өлкөдөгү туруктуулукту камсыздоого жетиштүү мүмкүнчүлүгү бар экенин белгиледи.
"Биз ага жол бербейбиз, Кудай буюрса. Ага биздин күч органдарыбыздын, мамлекеттин күч-кубаты жетет. Бир күндө баарын тынчытып басканга техникалык жактан да, күч жагынан да бардык каражат жетиштүү", — деди ал.
Ошондой эле мамлекет башчысы Кыргызстанда жашаган бардык улуттардын өкүлдөрүн ынтымакка жана биримдикке чакырды. Анын белгилешинче, өлкөнүн өнүгүшү, экономиканын өсүшү жана калктын жашоо шартын жакшыртуу үчүн биринчи кезекте тынчтык болушу керек.
"Саясатчылар болобу, кыргыз, өзбек, уйгур, тажик болобу — баарыбыз Кыргызстанда бир үй-бүлөдөй болуп ынтымакта жашашыбыз керек. Мына ошондо өнүгүү болот, экономика көтөрүлөт, элдин турмушу жакшырат. Биринчи кезекте тынчтык болушу керек", — деп кошумчалады президент.