Грецияда токойдогу өрттөн каза болгондордун саны 74кө жетти

Грецияда токойдогу өрттөн каза болгон адамдардын саны 74кө жетип, жаракат алгандардын саны 190го чукулдады. Ал эми жаракат алгандардын 23ү жаш балдар экенин чет өлкөлүк ЖМКлар Грециянын куткаруу кызматтарына таянып жазууда. Андагы маалыматтарга караганда, өрт кесепетинен дагы 100дөн ашуун адам дайынсыз болуп изделип жатса, миңден ашуун үй жана 300дөй унаа күйүп кеткен.

Грециянын Афины шаарынын чыгыш жана батыш тарабындагы токойдогу өрт кырсыгы дүйшөмбү күнү башталып, шамалдан улам жалын күчөп, башка жактарга өтүп кеткен. Учурда тилсиз жоону токтотуу аракеттери улантылып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
monster_high_98
2018-07-25 15:10:17
Аии, Кыргызстанды мындай кырсыктардан сактасын!
+2
Aima94
2018-07-25 15:37:11
Кудай сактасын кырсыктан
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан