Бишкектеги автобус менен жеңил унаанын кагылышуусунан 16 адам жаракат алды

Бүгүн, 25-июль күнү Бишкектеги автобус менен жеңил унаанын кагылышуусунан 16 адам жаракат алды. Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинованын SUPER.KG'ге кабарлашынча, жаракат алгандардын ичинен экөө жаш бала болгон.

"Үчөө "Тез жардам" унаасы менен Травматология жана ортопедия улуттук илим изилдөө борборуна жиберилип, дарыгерлердин кароосунан кийин бирөөсү жаткырылды. Ал эми калган 13 адам өз алдынча Чүй облустук ооруканасына барышкан. Алардын арасынан экөө жаш балдар болгон. Бирок дарыгерлер ал экөөнү дароо "Тез жардам" унаасы менен балдар ооруканасына алып барып текшерүүдөн өткөрүшкөн. Жыйынтыгында саламаттыгы жакшы абалда болгондуктан үйүнө кетишкен. Ал эми калган 11 адамдын төртөөнө баш мээси чайкалган деген диагноз коюлуп, ооруканага жаткырылышты", - деди Айгерчинова.

Белгилей кетсек, жол кырсыгы саат 8:40тар чамасында Көлбаев-Васильев көчөлөрүнүн кесилишинде катталган. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматына караганда, №38 автобус Lexus GS 300 үлгүсүндөгү унаа менен сүзүшкөн. Автобус жол белгисин сүзүп, андан соң таштанды таштоочу урнаны сүзүп кеткен.

Азыркы учурда изилдөө иштери жүргүзүлүп, жол кырсыгына ким күнөөлүү экени такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
monster_high_98
2018-07-25 15:05:17
Дагы жакшы эчким олбоптур!
+1
aidinaernur
2018-07-25 18:21:58
Кечээ биз да траллейбуста аз калды авария болуп кетишине, кокус женил машина чыга калды , тормоз басканда мен шоферго жетип калдым колумда бала менен.аялдамага жакындап калганбыз. Когоргон жерлерим бугун ооруп атат жакшы эле тийген окшойт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан