Депутат Турсунбай Бакир уулу акыйкатчылык кызматка барбай тургандыгын билдирди
Депутат Турсунбай Бакир уулу бүгүн, 27-июнда
ЖКнын жыйынында акыйкатчылык кызматка барбай тургандыгын билдирди.
Айтымында, Турсунбек Акун тууралуу маселе каралып жатканда депутат атайын
жыйынга катышпай чыгып кеткен. “Акун бул кызматта калуу үчүн "бомба жарам" деди.
Ооруканага жатып алыптыр. Мен эмес, атайын комиссия иликтеди акыйкатчынын ишин.
Бул жерге менин атымды кошпогула. Бир адамдын спектаклине кызыкпай, азыр
карагыла же мыйзамга ылайык кезексиз жыйынга чогулуу керек”,- деди эл өкүлү.