Улан Саляновдун өлүмүнө шектүүлөрдүн үчүнчүсү дале кармала элек. Учурда ал Орусиянын аймагынан изделип жатканын ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын башчысы Нурбек Абдиев министрликтин жарым жылдык иши боюнча өткөн маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, шектүү Орусиянын жараны.
"Кылмыштын бети ачылып, тергөөнүн жүрүшүндө шектүү катары 2 адам кармалган. Алардын бири Орусиядан кармалып, учурда Кыргыз мамлекетине алып келүү иш-аракеттери көрүлүп жатат. Дагы бир шектүүгө издөө жарыяланып, кармала элек. Ал Орусиянын жараны. Кылмышка шектүүлөр Саляновду эмне максатта өлтүрүшкөнү аныкталган. Бирок бул тууралуу тергөө жыйынтыкталгандан кийин айтылат", - деди Абдиев.
Эскерте кетсек, 2017-жылдын 6-ноябрына караган түнү депутат Аида Салянованын 42 жаштагы иниси Улан Саляновду Бишкекте белгисиз адамдар өз үйүнөн атып кетишкен.