ЖЫЛНААМА, 26-ИЮЛЬ: "Ташуучу" жана "Форсаж" тасмалары аркылуу атактуулукка жеткен англиялык актёр Жейсон Стэтхем 51 жашка чыкты
Бүгүн Англиянын белгилүү актёру Жейсон Стэтхем 51 жашка толду. Ал 1967-жылы 26-июлда Англиянын Шайрбрук шаарында төрөлгөн.
Анын атасы гимнаст жана боксчу болгондуктан, уулун да спортко жакын кылып өстүргөн. Бирок сууга секирүүнү көбүрөөк жактырган. 12 жыл Британиянын сууга секирүү боюнча улуттук курамасында сынактарга катышкан.
Ал өз балалыгы тууралуу: "Спорт мен үчүн хобби гана болчу, ал эми каражат табуу үчүн көчөдө туруп атыр жана жасалгаларды сатууга туура келчү", - деген. Стэтхем британиялык кинорежиссёр Гай Ричи экөө биргеликте бразилия жиу-житсусу менен машыгып келет. Учурда согуш өнөрү боюнча адис катары эмгектенет.
1990-жылдары спортчулар менен иштешип жүргөн жарнама агенттигинин кызматкери Жейсонду байкап, "Tommy Hilfiger" компаниясынын жарнамасына тартылууну сунуштаган. Макулдук берген Стэтхемдин карьерасы дал ушул жарнамадан соң башталган. Андан кийин Гай Ричинин "Карта, акча жана 2 замбирек" деген тасмасына тартылып, дебюттук ролун аткарган.
2002-жылы жарыкка чыккан "Ташуучу" ("Перевозчик") тасмасы актёрго атактуулукту гана эмес, жетиштүү киреше да алып келген. Аталган тасмадан алган гонарары миллион долларды чапчыса, кийинки жылдары чыккан тасманын уландысынан андан да көп каражат тапкан.
Жеке жашоосунда Жейсон Стэтхем 2004-жылга чейин 7 жыл модель жана актриса Келли Брук менен сүйүү мамилесинде болуп, тасма талаасынан актриса Билли Зейнди жолуктуруп калат. Кийин Софи Монк менен да жылуу мамиледе болуп, кайра бат эле алыстаган.
2010-жылдан тарта сүйүктүүсү "Victoria's Secret`тин" "перилеринин" бири саналган фотомодель жана актриса Роузи Уайтли менен мамиле куруп, 2016-жылы никелешкенин жарыялашкан. Түгөйлөр 2017-жылы 24-июнда Жек Оскар Стэтхем аттуу уулдуу болушкан. Бирок жылдыздуу түгөйлөр бүгүнкү күнгө чейин үлпөт той өткөрө элек.
Актёр 2018-жылга чейин 43 фильмге жана 1 мультфильмге ("Гномео жана Жульетта", 2011) тартылган.
Ал тик учак, мотоцикл жана автоунааларды коллекциялайт.
Өзүнүн социалдык түйүндөгү баракчасына жакында Audi e-tron Vision Gran Turismo (2018) үлгүсүндөгү унааны сатып алууга ниеттенип жатканын билдирген: "Audi e-tron Vision Gran Turismo - Аудинин акыркы үлгүсү. Анын кубаттуулугу 815 аттын күчүнө барабар (6 киловатт). Мен жакында анын ээси болом!"
26-июлга карата жылнаама.