Москвадагы жыныстык органына операция жасатып жатып каза болгон Кыргыз жараны боюнча элчилик маалыматтарды тактап жатат

Орусиянын Москва шаарында жыныстык органына операция жасатып жатып каза болгон Кыргыз жараны боюнча элчилик маалыматты тактап жатат. Бул тууралуу бүгүн, 25-июлда Орусиядагы Кыргыз элчилиги билдирди.

"Биз окуя болгон клиникага расмий кат жөнөттүк. Учурда клиника текшерилип жатат. Текшерүү соңуна чыккан соң расмий маалымат беребиз", - деди басма сөз катчы Гүлбарчын Байымбетова.

Ал эми окуя боюнча чет элдик маалымат булактары каза болгон Ж.С. аттуу Кыргыз жараны экенин жазышууда. Клиника Кыргыз, Казак мигранттарына тиш дарылоо, бойдон алдыруу кызматын көрсөтүп келгенин жазышууда. Ошондой эле "Асклепий мед" клиникасы лицензиясы жок эле иш алып барып жүргөн.

Эске салсак, 23-июлда полиция кызматкерлерине шаардагы "Асклепий" клиникасында аялдын каза болгону тууралуу маалымат келип түшкөн. Полиция кызматкерлери айтылган дарекке барып, каза болгон аял 39 жаштагы Кыргыз жараны экенин аныкташкан. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, каза болгон аялга клиниканын 66 жаштагы кызматкери лидокаин дарысын сайган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Birimdik5555
2018-07-25 22:59:23
Кайсы метродо экен клиника
0
gul.1995
2018-07-26 01:01:24
Birimdik5555,Кузнецкий мостто
0
madina.87
2018-07-26 02:15:10
Силер качан эле сразу тактап,норма отчет берчү элеңер.Оозунарды ачып отура бергиле,тактап жатабыз деп....
-1
Rusi79
2018-07-26 08:43:02
жон эле операция деп койбойсунарбы,озу силер конфиденциальный информация дегенди билесинерби
+3
almanbetperm
2018-07-26 17:38:47
Таз тарангыча той таркайт болуп, элчиликтегилер сураштыргыча интернетке тарап кеткен качан эле
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан