Бүгүн, 25-июлда эртең менен АКШнын президенти Дональд Трамптын Голливуддагы даңк аллеясындагы жылдызын белгисиз адам талкалап кетти.
Бул тууралуу лос-анжелестик журналист Жонатан Гонсалес биринчилерден болуп өзүнүн Твиттердеги баракчасына жазып чыкты.
Окуяга күбө болгондордун жана полиция кызматкерлеринин айтымында, белгисиз адам аллеяга гитара салгычты көтөрүп келип, анын ичинен керки алып чыккан да жылдызды талкалай баштаган. Андан кийин кылмышкер өзү полиция кызматын чакырып, ал жерден качып кеткен. Кийинчерээк белгилүү болгондой, ал тартип сакчылардын колуна түшкөн.
Гонсалестин айтымында, мындай вандалдар (маданиятты талкалоочулар) буга чейин да Трамптын аллеядагы жылдызын бир нече жолу талкалап кетишкен. Бирок бир да жолу жылдыз толугу менен талкаланган эмес.