Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Кабак айылындагы Көкөмерен дарыясындагы көпүрө жабылды. Аталган көпүрө 1976-жылы ашар жолу менен жыгачтан курулган. Учурда анын эскилиги жетип, тирөөчтөрү урап, адам өтүүгө коопту келүүдө. “Айыл тургундарынын каттоосуна жана унаа каттамдары токтотулган. Бирок эл каттамы үзүлбөй айылдын айрым тургундары каттап жаткандыктан, акыркы жолу эскертүү берилип, көпүрөнү жабууга аргасыз болдук”,- деп билдирет Кабак айыл өкмөтүнүн башчысы Мирлан Шейшенов.