Дастан Конокбаев Кыргызстандын Футбол федерациясынын башкы катчысы болуп дайындалды
Дастан
Конокбаев Кыргызстандын Футбол федерациясынын башкы катчысы болуп дайындалды.
Бул тууралуу Футбол федерациясынын басма сөз кызматы маалымдады. Эске салсак,
буга чейин аталган кызматта федерациянын
вице-президенти Асылбек Кадыралиев өз иши менен айкалыштырып иштеп
келген. Конокбаев Кыргызстандын футбол лигасынын биринчи президенти болуп эсептелет.