"Аалам ажары" эл аралык сулуулук сынагына катышкан кыздар мындан ары купальник кийип чыкпайт

"Аалам ажары" эл аралык сулуулук сынагына катыша турган кыздар мындан ары финалда купальник кийип чыкпайт. Аталган сынактын уюштуруучулары купальник кийип чыгуу эрежесин алып салды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.

Маалым болгондой, долбоордун башкы продюсери жана калыстар тобунун төрагасы Леонид Хромов социалдык тармактардын бирине "адамдын сулуулугу ички дүйнөсүнө жашырылган. Кыздар келечекте төрөп, эне болот. Ошондуктан коомчулуктун алдына жарым жылаңач болуп чыгуусун этикага туура келбейт деп эсептейм", - деп билдирген.

"Аалам ажары" эл аралык сулуулук сынагына катыша турган кыздар купальник кийип чыгуунун ордуна элге өз өнөрлөрүн тартуулашат.

Айта кетсек, "Аалам ажары-2017" эл аралык сулуулук сынагына Кыргыз мамлекетинин атынан Алина Флорова аттуу айым катышкан. Ал эми аталган сулуулук сынагы ушул жылдын октябрь айында Орусиянын Москва шаарында өткөрүлөт.

"Аалам ажары" эл аралык сулуулар сынагынан бикини кийип чыгуу конкурсу алынды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
mandalak
2018-07-26 11:35:29
Мындан кийин купальникчен чыкпайт мындан кийин жыланач чыгат деп койгон де )))))))))
-4
Azatbek.Svoboda.
2018-07-26 11:40:09
Туура кылышат жарым жылаңач шарлатандай кылып проституткаларды же болбосом илгерки заманда кул саткандай элге көрсөтүп эмне кереги бар!Адамдын сырткы эле эмес ички дүйнөсу да таза болуш керек!
+13
elebes86
2018-07-26 11:49:25
Ысык Колго эс алып барганда баарыбыз жарым жыланач эл эс алып журбойбузбу. Адамдар баарыбыз окшош элебиз. Бири бирибизден жамандык издеп кереги жок.
+13
Azatbek.Svoboda.
2018-07-26 13:01:55
elebes86,Ыйман берсин силерге денеңерди чужой эркектерге көрсөткөн!Леонид Хромов орус болсо да ыймандуу болуптур силер деген Кыргызсыңар качан каерден көрдуңөр эле чоң энелерибиз жарым жылаңач болуп журушкөнун?!Ошол бойунча селфи кыласыңар атаңар балдарыңар көрсө эмне дейт?!Эркектердин көзу менен айтайын андай жарым жылаңач кыздарды балдар жеңил ойлуу экен булардан кантип эне чыгат дешет!Убактылуу ойнотуп абирийи жабык кызга уйлөнөбуз деп айтышат!
-3
zevs
2018-07-27 15:42:48
elebes86,menikin raeri chon suyup kalsachy kuyosu barlar
0
akylbek.kg
2018-07-29 21:17:06
elebes86,койчу э ,андай болсо элестет апан карындашын менен бир дасторкондо чай ичип олтурасынар,баарын жыланач)))
0
erlan2196
2018-07-26 12:14:26
Кызыл купальникчендин фигурасы зынк экен.
+4
Rifle_I
2018-07-26 12:16:56
Супер силер да сулууларды жылаңачтабагыла.
+9
meni_kut
2018-07-26 13:08:51
Rifle_I,эн туура орустардан сабак алсын
+6
Dalil
2018-07-26 12:20:19
Этикага туура келбешин эми түшүнүшүптүрбү? Жакшы кеч болсо да түшүнүшүптүр.
+11
Pandora
2018-07-26 12:26:23
Давно алыш керек эле
+5
monster_high_98
2018-07-26 12:34:35
Онолот деген ушу да
+3
i1urp
2018-07-26 12:51:10
Честно айтканда, любой эркектерге фигурасы, сулуулугу зынк кыздар жагат. Анткени эркектин натурасы ошондой. Ал эми любой кыз эркеке озунун келбети, фигурасы менен жаккысы келет. Мисалы эркектер деле кызга жагыш учун колунан келгенин кылышат. Мисалы подарка жасап, жакшы кийимдерди оздоруно тандашат, кыздарды кызыктырууга аракет кылышат. Бул жаратылыштагы табигый корунуш. Бизде калп эле духовный моралист корунуп, кыздар мындай, тигиндей деп сынчы боло бербей ар ким озубуздун кемчилигибиз учун жоо
+13
Azatbek.Svoboda.
2018-07-26 13:09:10
i1urp,Кызды уйлөнөрдө жакшылап карап уйлөнөт да.Эмне көрунгөнгө денесин көрсөткөнгө уйлөнөбу?Кыз деген кыздай болсо ошондо кызык анын жарым жылаңач денесин өзум көрөм деп.
-7
elebes86
2018-07-26 13:20:42
Azatbek.Svoboda.,
Калп эле оозун менен ыймандуу корунбой эле кой. Сенин кандай адам экенинди ким билип коюптур.
+11
Dalil
2018-07-26 15:10:04
i1urp, ооба эркектер жарым жылаңач жүргөн кыздарды кызыгып карайбыз. Бирок аны жаныңда жар кылып жетелеп жүргүбүз келбейт. Кызыгып караганыбыз көпчүлүгүбүз напсибизди тыя албайбыз.
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан