Каракол шаарында 3 ишкердин телефонун уурдады деген шек менен 21 жаштагы кыз кармалды

Каракол шаарында бир катар уюлдук телефондорду уурдаган деп шектелип 21 жаштагы кыз кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Каракол ШИИБине "Ак-Тилек" базарынын ичинде жана жакын жеринде жайгашкан соода түйүндөрүндө иштеген 3 ишкер арыз менен кайрылышкан. Арызда 18-июнунда белгисиз адамдар тарабынан соода кылган жеринен бир аз убакытка алагды болгон учурда Samsung Galaxy үлгүсүндөгү 3 даана уюлдук телефондорун уурдатып жиберишкен.

"Аталган фактылар боюнча тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси (уурдоо) менен кылмыш иши козголгон. Ысык-Көл ОИИБи "Укук тартип" иш-чарасын өткөрүү мезгилинде милиция кызматкерлери тарабынан уюлдук телефондорду уурдагандыгы үчүн шектелип, 24-июлда Жети-Өгүз районунун Липенка айылынын 21 жаштагы Ш.Р. аттуу кыз кармалды. Кармалган кыз күнөөсүн толугу менен моюнуна алып, уюлдук телефондорду кандайча уурдагандыгы жөнүндө көрсөтмөлөрдү берүүдө. Козголгон кылмыш иштеринин негизинде тергөө амалдары уланууда жана шектүү адамдын башка дагы кылмыштарга тиешеси бар же жогу текшерилүүдө", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
monster_high_98
2018-07-26 12:35:24
Эркек киши болсо бир жон,кыз башы менен не жок Эми
-3
baihan07kenjetaev
2018-07-26 13:37:59
Баягы эле кор оокатда.
+1
Ulutum_Kyrgyz
2018-07-26 14:10:08
Тууй ай уят
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан