Орусиянын Москва шаарындагы "Асклепий Мед" деген клиникасында жыныстык органына операция жасатып жатып каза болгон С.Ж. аттуу Кыргыз келиндин өлүмүнүн болжолдуу себеби айтылды. ИИМдин маалымат кызматынан 26-июлда кабарлашкандай, операция жасоо учурунда ага лидокаин дарысын Ош облусунан барып иштеп жаткан 40 жаштагы О.Н. аттуу жаран (аял киши) сайганы жана болжол менен ушул учурда өлүмгө дуушар болгону маалым болгон. Окуя 23-июль күнү болгон.
Маалыматка караганда, 24-июль күнү “Асклепий Мед” клиникасынын кызматкерлерине карата Орусиянын мыйзамдарына ылайык, кылмыш иши козголуп, өлүмдүн себептерин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Ошондой эле аталган клиниканын жумушчулары суралып, клиника жабылды. Тиешелүү документтер текшерүү үчүн алынып, учурда С.Ж. аттуу жаранды өлүмгө алып келүүнүн себептери аныкталууда.
Орусиянын 1965-жылы туулган К.С. аттуу жаран ээлик кылган "Асклепий Мед” клиникасы 2017-жылдын 5-декабрында Москва шаарында каттоодон өткөн. ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгү тастыктагандай, К.С. 2010-жылга чейин Кыргыз жараны болуп, кийин Орусия жарандыгын алган.
Андан сырткары, жыл башынан бери ал жерде Орто Азиядан барган 95 келин боюнан алдыруу боюнча операция жасатканы жана клиника Орусиянын саламаттыкты сактоо кызматынан жана Москва шаарынын саламаттыкты сактоо департаментинен бир дагы уруксат алышпаганы айтылды.