Баткенде 18 жаштагы жаранды белгисиз тарапка алып барып ур-тепкиге алып, телефонун тартып алган шектүү кармалды

Баткен облусунун Сүлүктү шаарында эки кылмыштын бети ачылды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Сүлүктү шаарынын К.Д. аттуу 39 жаштагы тургунунун 18 жаштагы уулун 12-май күнү болжол менен саат 21:00 чамасында эки бейтааныш бала Жигули үлгүсүндөгү автоунаага салып кетишкен. Алар жаранды белгисиз жакка алып барып, уруп, тээп, телефонун күч колдонуп тартып алышкан. Ал эми шектүүлөр окуя болгон жерден изин жашырып качып кетишкен. Бул окуя боюнча милицияга арыз түшүп, анын негизинде Сүлүктү ШИИБинин ыкчам-тергөө тобу атайын иликтөө иштерин жүргүзгөн. Натыйжада Сүлүктү шаарынын 23 жаштагы С.О. аттуу тургуну кармалган. Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 167-беренесинин (тоноо) негизинде кылмыш ишин козгошкон.

Ушундай эле окуя Сүлүктү шаарынын Кош-Булак айылында да катталган.

Аталган айылдын 56 жаштагы тургунунун Хундай Портер үлгүсүндөгү менчик унаасын үйүнүн алдына токтотуп койгон жеринен белгисиз адамдар түн ичинде уурдап кеткен. Сүлүктү ШИИБинин кызматкерлери бул боюнча атайын иликтөө иштеринин жүрүшүндө Сүлүктү шаарынын 30 жаштагы К.А. аттуу жаранын кармап, Кылмыш-жаза кодексинин 172-беренесинин (автомобилди же башка автотранспорт каражатын укукка жат түрдө ээлеп алуу) негизинде кылмыш ишин козгошту.

"Ал эми уурдалган унаа Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Апшыр-Сай айылынан табылып, ээсине кайтарып берилди", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aidai9594
2018-07-26 16:00:18
Тообо баарыбир кармала турганын билип туруп деле кылмыш кыла берет экенда
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан