Ош шаарында 30-35 жаштар чамасындагы аялдын киши колдуу болуп өлтүрүлгөн жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя Ош шаарынын Масалиев көчөсүндө жайгашкан "Ак-Тилек" мейманканасынын бөлмөлөрүнүн биринде болгон.
"Бүгүн, 26-июлда эртең мененки саат 08:30 чамасында киши колдуу болуп өлтүрүлгөн жашы болжол менен 30-35теги аялдын жансыз денеси табылган. Өлүктү кароо учурунда анын кекиртегине учтуу нерсе сайылгандыгы аныкталган. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү катары Кадамжай районунда жайгашкан чек ара посту аркылуу өтүп кетүүгѳ аракет жасаган Өзбекстан Республикасынын 23 жаштагы жараны кармалды. Ал жасаган кылмышын моюнуна алып, тиешелүү көрсөтмөлөрдү берүүдө. Бул өзгөчө оор кылмыш тууралуу дагы кошумча маалымат беребиз", - деди басма сөз катчы Замир Сыдыков.