Баткен облусунда Үч-Коргон айылында 16 жаштагы кыз сууга боюн таштап, агып бара жаткан учурда милиция кызматкерлери куткарып калышты. Бул тууралуу Баткен ОИИБинен бүгүн, 26-июлда билдиришти.
Бүгүн саат 15:28 чамасында Кадамжай районунун Үч-Коргон айылдык милиция бөлүмүнө "жаш кыз сууга боюн таштап жиберди" деген кабар келип түшкөн.
"Кабарды уккан соң Кадамжай РИИБинин криминалдык милициясынын кызматкерлери жана ыкчам тергөө тобунан өкүлдөр барышкан. Окуя Исфайрам дарыясында болгон. 3 милиция кызматкери кызды куткаруу үчүн сууга кирип, шар аккан дарыяда 10 метрдей жерге чейин агып барган кызды алып чыгышкан. Аман калган кызды Үч-Коргон айылдык милиция бөлүмүнө алып келишип, аты-жөнүн тактаган учурда, ал Кызыл-Кыя шаарынын 16 жаштагы Ю.Н. аттуу тургуну экендиги аныкталган. Анын эмне себептен мындай кадамга баргандыгын сураганда "Мен эки күн мурун эле өлүшүм керек болчу, бирок сууга бүгүн актым", - деп жооп берген.
Азыркы убакытта кыздын жакын туугандары чакырылып, тиешелүү материалдар жыйналды. Милиция кызматкерлери тарабынан кызга жана анын ата-энесине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Кадамжай районунун аймагында жыл башынан бери өзүн-өзү өлтүрүү фактысынан үчөө катталып, бирөө каза болуп, экөөнү милиция кызматкерлери аман алып калышканын кошумчалайт басма сөз катчысы.