Жантөрө Сатыбалдиев: “Скептиктердин пикирине карабастан, Кыргызстан өнүгүүдө, мындан ары да өнүгө берет”
“Скептиктердин пикирине карабастан, Кыргызстан
өнүгүүдө жана мындан ары да өнүгө берет”,- деди премьер-министр Жантөрө
Сатыбалдиев Түркиянын Кыргызстанга насыяга берилген каражаттардын
эсебинен сатылып алынган жол техникаларын жолчуларга тапшыруу аземинде. Айтымында,
өлкөбүз эгемендикке ээ болгон акыркы 20 жыл ичинде бүгүнкүдөй чоң партиядагы атайын
техникалар Кыргызстанга биринчи жолу келди. “Айрым эксперттер жана саясатчылар
ар дайым бийликти сындашып, өлкө өнүкпөй жатат дешет. Бул алардын чындыкка
коошпогон жеке пикири”,- деди ал. Ошондой эле берилген каражаттан 2 миллион 400
миң доллар үнөмдөлүп калганын билдирди. “Билгичтик менен өткөрүлгөн тендердин
натыйжасында 43 грейдер, 20 жүк жүктөөчү техника, 7 бульдозер жана 3 комплект
асфальт-бетон заводунун жабдууларына 7 миллион 200 миң доллары жумшалып, 2 миллион 400 миң долларды үнөмдөп калдык. Бул каражаттар өзгөчө кырдаалдар министрлигинин
материалдык-техникалык базасын чыңдоого жана дагы бир асфальт-бетон заводун
сатып алууга жетет”,- деди өкмөт башчы.