КҮНСЕРЕП: Шаардык кеңеш Бишкекти башкартууга жалгыз Суракматовду тапты

Бүгүн, 26-июль. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Бишкек мэрин шайлоо буга чейин Ош шаар башчысы шайлангандай эле атаандаштык принциптери бузулуп, тандоого башка альтернативасы жок, жалгыз талапкердин катышуусунда өткөнү турат.

Бүгүн Бишкек шаардык кеңешинин 33 мандаты бар көпчүлүк коалициясы жыйынга чогулуп, анын соңунда мэрликке көрсөтүлө турган талапкер бир кездеги Бакиевдик "Ак жол" партиясынын мүчөсү болгон Азиз Суракматов экендиги жарыяланды. Эске салсак, мэр болуп келиши мүмкүн дегендердин катарында анын да аты-жөнү бар болчу. Талапкерди КСДП фракциясы көрсөтүп, аны көпчүлүк коалициясына кирген башка фракциялар, тагыраагы, “Кыргызстан”, “Мекеним Кыргызстан” жана “Өнүгүү-Прогресс” да колдоого алды. Мыйзамга ылайык, мэрликке талапкер көрсөтүү укугуна фракциялар, коалициялар жана өкмөт башчы ээ. Көпчүлүк коалициясына кирген фракциялар да мэрликке талапкер көрсөтүү укугуна ээ болгонуна карабай, алар КСДП фракциясынын талапкерин колдомой болушту. Ал эми азчылык коалициясындагы жалгыз оппозициялык фракция болгон 12 мандаттуу “Республика-Ата Журт” да мэрликке талапкер көрсөтпөйт. Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Алмаз Кененбаевдин айтымында, премьер-министрден мэрлик кызматка талапкер көрсөтүү боюнча сунуш түшкөн жок. Өкмөт башчы бул мүмкүнчүлүктү колдонууга 31-июлга чейин убактысы бар. Бирок премьер-министр укугунан пайдаланып, КСДП фракциясы көрсөткөн талапкерден башканы сунуш кылат дегенге ишенүү кыйын.

Учурда камакта отурган Албек Ибраимовдун ордуна келчү Азиз Суракматовго келсек, ал тууралуу маалымат ачык булактарда дээрлик жокко эсе. 46 жаштагы Суракматов Жогорку Кеңештин 5-чакырылышында “Ата Журт” партиясынын тизмеси менен депутат болуп шайланып келген. Парламентке келердин алдында Бакиевдин бийлигинин тушунда, 2008-2010-жылдар аралыгында Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы болуп турган. Ага чейин Бишкек мэриясында, Бишкек башкы архитектура мекемесинде иштеген. Бишкекте туулуп өскөн. Кесиби боюнча инженер-куруучу. Юридикалык жогорку билими бар. Жеке бизнеси, тагыраагы, жалпыга маалымдоо каражаттарында курулуш компаниясына ээлик кылары айтылат.

“Ата Журт” фракциясынан эл өкүлү болуп турганда кайсы бир демилгеси менен элдин эсинде калган эмес. Пассивдүү депутаттардын катарында болгон. Атүгүл бир ирет Жогорку Кеңештин регламенти жана депутаттык этика боюнча комитетинин төрайымы Айнуру Алтыбаеванын жөндүү себеби жок жыйындарга катышпаган эл өкүлдөрүнүн “кара тизмесинде” аты аталган. 2015-жылы болуп өткөн парламенттик шайлоодо Азиз Суракматов КСДПнын тизмесине кирген. Бишкек ЖЭБинин чуусу менен кылмыш иши козголуп, камакка алынган Осмонбек Артыкбаев депутаттык мандатынан кол жууса, ал мандат тизмедеги кезек боюнча Суракматовго тиймек.

Бишкек мэрин шайлоо 8-августта өтөт. Бишкек - өлкөдөгү финансылык ресурстар чогулган, саясий күрөштүн чордону болгон, майлуу, ошол эле маалда жооптуу дагы калаа. Андыктан баш калаага шаар башчы болуу дагы өзгөчө жооптуу иш. Соңку 10 жылда борбор шаарга башчылык кылган Данияр Үсөнов, Нариман Түлеев, Иса Өмүркулов, Кубанычбек Кулматов, Албек Ибраимовго кылмыш иштери козголду. Булардын ичинен Иса Өмүркулов гана кийин акталган. Мурдагы шаар башчыларынын экөө учурда тергөө абагында, оор кылмыштарга айыпталууда. Кыргыз өлкөсүнүн эгемендик тарыхында борбор шаарды башкаргандар кийин өкмөттү башкарууга келген. Эл алдында саясий упай топтоого мүмкүнчүлүгү кенен, бирок бул кызматка келген адам сынга да оңой кабылат. Айтор, Бишкек мэрлигине келген адамды же түрмө, же жогорку кызмат күтөт. Шаар башчысы болом деп турган Азиз Суракматовго тобокелчиликтерди кошо эске алууга туура келет.

Бишкек шаардык кеңешинин позициясы да өзгөрүлмө экендиги көңүлдү бурдурбай койбойт. Буга чейинки мэр Албек Ибраимовду Атамбаевдин тушунда "татыктуу" деп атаандашсыз шайлап, Жээнбеков келген соң "татыксыз" деп кызматтан айдады. Шаардык кеңештердин мындай мамилесинен улам акыркы күндөрү мэр шайлоону шаардыктардын өзүнө берүү керек деген чакырыктар көп айтыла баштады. Буга кошумча бул жолку Бишкек мэрин шайлоо Ош шаарынын мэрин шайлоо сыяктуу эле альтернативасы жок өткөнү жатат. Жыйынтыгында, атаандашсыз шайлоо шайлоого окшобой эле "жогорудан" түшүрүлгөн талапкерди суроо-талкуусуз дайындоого окшошуп калууда...


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан