Бир жыл мурун Кыргыз жаранын 3 миллион сомдон ашык акчага алдап кеткен Орусия жараны кармалды. Бул тууралуу 27-июлда Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынан кабарлашты. Маалым болгондой, милицияга Кыргыз жараны арыз менен кайрылып, С.Ж. аттуу адамга чара көрүүнү өтүнгөн. Жазылган арызда С.Ж. 2017-жылдын август айында ага Орусиядан арзан баада унаа алып келип бермекчи болуп 3 миллион сомдон ашык акчасын алып, бирок убадасын аткарбай жүргөнү жазылган.
Чогултулган материалдардын негизинде Биринчи Май РИИБинин тергөө кызматы тарабынан кылмыш иши козголгон. Ыкчам изилдөө аракеттеринин натыйжасында Орусиянын 1985-жылы туулган С.Ж. аттуу жараны аталган кылмыш ишине шектүү катары кармалып, соттун чечими менен эки айга камакка алынды. Факты боюнча учурда тергөө иштери жүрүп жатат.