28-июнда саат 9:00дөн 17:00гө чейин Бишкектеги Төкөлдөш конушунда, Оренбург, Горький, Строительный көчөлөрүндө, Бөкөнбаев көчөсүндөгү №145-көп кабаттуу үйдө, Исанов көчөсүндөгү №18-көп кабаттуу үйдө электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу “Түндүк электр” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди. Мындан сырткары ушул эле убактарда Чүй облусунун Жайыл районундагы Кара-Балта шаарынын Рабочий көчөсүндө, №30-31-көп кабаттуу үйлөрдө, 40-лет Киргизии кварталында, Сосновка, Полтавка айылдарында, Сокулук районундагы Сокулук айылынын Мир, Кайназарова, Фрунзе, Первомайский, Сельский, Пионерский, Интернациональный, Восточный көчөлөрүндө да электр энергиясы чектелет. Электр энергиясын убактылуу өчүрүү күзгү-кышкы учурга даярдануу иш-чаралардын алкагында 10 кВт аба электр берүү чубалгыларынын зым тиректерин алмаштырып, өсүп кеткен бак-бутактарды кыйып, зымдарын тарттыруу иштерине байланыштуу болмокчу.