Бишкек мэри: “Шаардын башкы планы тууралуу жашыра турган эч нерсе жок”

"Биз аткаруу органыбыз, тиешелүү мыйзамдардын чегинде гана иштейбиз. Шаардын башкы планынын жашыруун болушуна кызыкдар эмеспиз". Мындай пикирди Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов бүгүн, 27-июнда шаардык кеңештин кезектеги жыйынында айтты. “Башкы план тууралуу жашыра турган эч нерсе жок. Мэрия планды ачыкка чыгаруу боюнча тиешелүү органдарга кайрылган”,- деди ал. Мындан сырткары сейил бак аймактарынан жер тилкелеринин бөлүнүшү боюнча пикирин айтып, 2010-жылдан бери сейил бак аймактарынан бир да жер тилкелери берилбегенин билдирди шаар башчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан