Окумуштуулар картошка калдырканы (чипсы) менен шоколад печеньесинин пайдалуу жактарын айтышты. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, британиялык окумуштуулар адамга өзүн жакшы сезүү жана көп жашоого жардам берген азыктардын тизмесин жарыялады. Бул тизмеге балык, мөмө-жемиш, жашылчалар менен кошо эле картошка калдырканы жана шоколад печеньелери кирген.
Тизмеде орун алган картошка калдырканы диетологдордун айтымына караганда, адамдын сутка ичинде калорияга болгон муктаждыгын канааттандыра алат. Бирок аларды белгилүү бир өлчөмдө гана колдонуу зарыл. Бирок алар пайдалуулугу боюнча шоколад печеньелерине атаандаштык жарата албайт.
Аталган азыкта изилдөөчүлөр адамдын организмине пайдалуу болгон көп өлчөмдөгү бета-глюкан бар экенин аныкташкан. Аталган азык кандагы холестериндин өлчөмүн көзөмөлдөөгө жана адамдын иммундук системинин жакшы иштешине жардам берет.