Кытайда 19 жаштагы кыз көзүнө пластикалык операция жасаткандан кийин анын бир көзү жумулбай калган. Мындай маалыматты чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Белгилүү болгондой, Тайюань шаарындагы Шаньси провинциясынын Сяобай аттуу тургуну мындан 1 жыл мурда көзүнүн кыйыгын өзгөртүү үчүн пластикалык операция жасаткан. Операциядан кийинки процедуралардан өтүп жүргөн учурда кыздын сол көз ооруп, шишип чыккан. Андан кийин көзүнүн көрүүсү начарлап, бир топ маселелер жаралган. Ал операция жасаган хирургдарга кайрылганда бычак тийгенден кийин ушундай маселелер жараларын, аз убакыттын ичинде оорусу өтүп кетерин айткан. Бирок Сяобайдын сол көзүнөн жаш агып, сурмасы ачылбай, жумулбай дагы калган. Ал эми кирпиктери көздүн ичине карай өсүп баштаган. Ал клиникага барып бир жылдан бери оорусу кайтпай эле күчөп жатканын айтканда көзүнө операция жасаган хирург операция ийгиликсиз болгонун моюнуна алган.
Учурда Сяобайдын көзүн калыбына келтирүү үчүн Шанхайдан атайын адистер чакырылган.