Дүйнөнүн төрт бурчунан келген күйөрмандардын башын бириктирген Дүйнө чемпиондугунун кызыктуу окуяларга, күтүүсүздүктөргө бай 1 айы артта калды. Аалам биринчилиги жыйынтыкталганы менен ага байланыштуу кызыктуу окуялар дагы да болсо уланууда.
Орусияга футбол көрүү үчүн келип, өз бактысын жолуктургандардын алгачкылары баш кошуу алдында турат. Мексикалык 28 жаштагы Мигель Минору улуттук курама команда үчүн күйөрмандык кылууга келген. Дал ошол футбол майрамынан ал өзүнүн сүйүктүүсү Кристина Александрованы жолуктурган.
Аалам биринчилигинин финалдык беттеши орун алган күнү Мигель Кристинанын колун сурап, ага турмушка чыгуу сунушун киргизген. Бул тууралуу мексикалык күйөрман өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкан.
"Көпчүлүк Орусияда аябай кооптуу деп ойлошот. Мен Орусияга жөнөп жатканымда апам да мага кабатыр болгон. Азыркы тапта сүйүктүүмдүн жана ата-энемдин көңүлдөрү тынч", - деп билдирген Минору.
Мигель Минору - музыкант, ошондой эле ал шахматтан балдарга жана чоңдорго сабак берет. Ал эми Кристина жогорку окуу жайлардын биринде туризм тармагында билим алат.