Бишкектеги Илим жана бизнес боюнча эл аралык университетин негиздеген Нургалы Асаналиевге дагы бир жарандан арыз келип түштү. Бул тууралуу Бишкек ШИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
"Нургалы Асаналиевге индиялык студенттердин арызынан тышкары Бишкек шаарынын тургунунан дагы арыз келип түшкөн. Арыздануучунун айтымында, Нургалы Асаналиев борбор калаадагы кичи райондордун биринен батир алып берем деп андан 8 миң доллар акча алган. Бирок бүгүнкү күнгө чейин батир алып бербей же акчасын кайтарып бербей жаткандыгын билдирген. Мунун негизинде Нургалы Асаналиевге карата 166-берене (алдамчылык) менен кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди", - дейт маалымат кызматы.
Белгилей кетсек, Индиядан келип окуп жаткан студенттер Бишкекте маалымат жыйын өткөрүшкөн. Анда Асаналиев 50гө жакын стунденттен контракт үчүн акча алып, бирок окууну аяктоого мүмкүнчүлүк бербей жатканын айтып чыгышкан. Бул маселени Бишкектеги Октябрь РИИБи карап, тергөө иштерин баштаган. Ал эми Нургалы Асаналиев тергөө иштери башталганда чет өлкөгө чыгуу аракетин көргөн. Бирок ал 26-июль күнү Кыргыз-Казак чек арасынан кармалган.