Жаш Гвардия бульварында жол кырсыгы катталып 5 адам жаракат алды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 27-июлда Бишкек шаарынын Жаш Гвардия бульвары жана Сыдыков көчөлөрүнүн кесилишинде Honda Stepwgn үлгүсүндөгү автоунаа жол кырсыгына кабылып, 5 адам жаракат алган.
"Кырсык кечээ саат 23:30дар чамасында болгон. Анда айдоочу Жаш Гвардия бульвары менен түндүктү көздөй бара жатып унааны башкара албай, жолдон чыгып бакты сүзүп алган. Жол кырсыгынын кесепетинен 5 адам жаракат алып ооруканага жеткирилген", - деп билдирди маалымат кызматы.
Азыры тапта иликтөө иштери жүрүп, кырсыктын себептери такталууда.