Кыргызстанда жаштар парламенти түзүлөт. 15-июлдан кийин баштала турган бул долбоорду Демократияны колдоо боюнча коомдук фонд жана Эл аралык республикалык институт ишке ашырганы жатат. Анда жаштар парламентинин курамын ар кыл аймактан тандалган 18 жаштан 29 жашка чейинки 40 улан-кыз түзөт. Алар 1,5 жылдык мөөнөттө мыйзамдарды иштеп чыгуу, ар кыл долбоорлорду жазууну үйрөнөт. Уюштуруучулардын билдиришинче, Кыргызстанда экинчи ирет өтүп жаткан долбоор жаш саясатчыларды тарбиялоо максатын көздөп, аларга саясий багытын аныктоого жардам берет.