Армениянын мурдагы президенти, өлкөнү 1998-2008-жылдары башкарып турган Роберт Кочарян камакка алынды.
Маалыматка ылайык, кечээ, 27-июлда сот мурдагы өлкө башчыны 2008-жылы 1-мартта нааразычылык акциясына чыккандарга карата күч колдонгондугу тууралуу иш боюнча камакка алуу чечимин чыгарган.
Айта кетсек, 26-июлда атайын иликтөө кызматы Роберт Кочарянга конституциялык түзүлүштү бузган деп айыптап, соттон аны камакка алууну суранган. Армениянын конституциясына ылайык, президент иштеп жаткан учурда жана мөөнөтү бүткөн учурда кызмат абалында кылган иш-аракети үчүн жоопко тартылбайт. 10 жыл мурдагы окуя боюнча экс-президенттен тышкары ошол учурда коргоо министри болуп турган Микаел Арутюнян демонстранттарга ок чыгарууга тиешеси бар деп айыпталып, ага издөө жарыяланган.
Маалымат үчүн: 2008-жылдын 1-март күнү президенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы миңдеген митингчилердин катышуусунда нааразычылык акциясы болуп өткөн. Анда күч органдары менен демонстранттардын ортосунда кагылышуу орун алып, 5 адам каза болуп, 200дөн ашуун киши жаракат алган.