Акыйкатчы Турсунбек Акун реанимация бөлүмүндө дагы деле өзүнө келе албай жаткандыгын анын жубайы 28-июнда билдирди. Азырынча дарыгерлер ага карата так диагноз коюша элек. Эскерте кетсек, акыйкатчы 27-июнда ЖКнын жыйынында эсин жоготуп жыгылып, "Тез жардам" кызматы аркылуу ооруканага жеткирилген.