Бүгүн, 29-июль күнү эртең менен Индонезияда күчү 6,4 баллга жеткен жер титирөө катталып, кеминде 13 адам каза болду. Чет элдик ЖМКлардын жазган маалыматтарына караганда, очогу туристтер көп барган Ломбок аралында болгон. Өлкөнүн куткаруу кызматтары кырсыктан жаракат алгандардын саны учурда 40 адамга жеткенин, каза болгондордун саны дагы өсүшү мүмкүн экендигин кабарлашууда.
Жер титирөөнүн кесепетинен аралдагы 10догон курулуштар кыйроого учурап, электр жарыгы үзгүлтүккө учурады. Учурда өлкөнүн куткаруу кызматтары куткаруу иштерин жүргүзүшүүдө. Аталган аймакта 3 миллионго жакын эл жашайт.