Нарын шаарында үч адамды таш аралашкан топурак басып калды. Окуя 29-июль күнү саат 15:25 чамаларында болгонун SUPER.KG'ге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Элмира Шерипова кабарлады. Топурак басып калган үч адам шаардагы Шералиев көчөсүндө таза суу системин капиталдык оңдоодон өткөрүп жаткан. Элмира Шерипова үчөө тең аман калганын кошумчалады.
"Үч адам 3 метр тереңдиктеги чуңкурдун ичинде жумуш жүргүзүп жаткан учурда таза суу колонкасынын түтүктөрү жарылып кетип сыртта үйүлүп турган таш аралашкан топурак басып калган. Бул тууралуу ӨКМнын Нарын шаары жана Нарын району боюнча бөлүмүнө маалымат берилип, куткаруу тобу айтылган дарекке саат 15:28де жетип барган. Куткаруучулар 3 адамды куткарып, дарыгерлер тобуна өткөрүп беришкен.
Кырсыктан куткарылган үч адам Нарын облустук ооруканасынан медициналык кароодон өтүштү. Эч биринде сынык жана башка жаракаттар аныкталган жок, азыркы учурда абалдары туруктуу", - деди Шерипова.