Өкмөт “Мегакомдун” мамлекеттик үлүшүн сатыкка коюуну чечти

27-июнда Жогорку Кеңештин депутаттары “Альфа Телеком” ишканасынын мамлекеттик үлүшүн сатыкка чыгаруу боюнча өкмөттүн токтомун колдоду. Мындай токтомго жыйынга катышкан 94 депутаттын 59у макул болду. Экономика министри Темир Сариевдин парламентте сүйлөгөн сөзүндө бул ишкананын мамлекеттик 49 пайыздык үлүшү боюнча сотко арыздангандар көбөйүп, анын баасы төмөндөп жатат. Буга байланыштуу өкмөт сатыкка чыгарууну чечкен. Эске салсак, “Мегаком” деген ат менен белгилүү “Альфа Телеком” уюлдук компаниясынын 49 пайыздык үлүшү 2010-жылдан Апрель ыңкылабынан соң улутташтырылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан