Тажикстанда чет өлкөдөн келген жарандарды унаа сүзүп, төртөө каза болду. Айрым маалымат булактары алардын бычакталып өлтүрүлгөнүн жазышууда

Тажикстанда саякаттоо үчүн келген чет өлкөлүк жарандарды унаа сүзүп, төртөө каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы Дүйшөмбү шаарынын Дангара районунда 29-июлда болгон.

Жарандарды сүзгөн айдоочу окуя болгон жерден качып кеткен. Кырсыктын кесепетинен чет өлкөлүк жарандардын үчөө окуя болгон жерден каза болсо, бири ооруканада көз жумган. Ал эми дагы үч жаран денесинен ар кандай жаракаттарды алышкан. Каза болгондордун экөө АКШнын жарандары болгону жазылууда. Ал эми Тажикстандын Ички иштер министрлиги каза болгон чет элдиктер кайсы өлкөнүн жарандары экенин так айта элек.

Ал эми айрым маалымат булактарында шектүүлөр унаадан түшүп, чет өлкөлүк жарандарды бычактап кетишкенин жазышууда.

Кырсык болгон жерден көп өтпөй милиция кызматкерлери шектүүлөрдү кармоо учурунда экөө өлтүрүлүп, бири кармалганы жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Тажикстан Республикасында 2018-жыл туризм жылы деп жарыяланган. Былтыркы жылга салыштырмалуу быйыл өлкөгө эс алууга келген чет өлкөлүк жарандардын саны көбөйүп жаткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Bahabrat79
2018-07-30 10:36:28
Welcome to Tajikistan
-3
kazakov1991
2018-07-30 10:41:31
Урматтуу админ Дуйшонбу деп жазбай Душанбе деп жазса болобу Шаарлардын аттарын кыргыз тилине которулганын уккан эмес экенмин
+9
tokitok
2018-07-30 11:11:01
Олтурулгон болсо террористтерби?
Ото коркунучтуу кудай сактасын.
+3
Sultana17
2018-07-30 12:38:33
Машина уруп кетпей эле ХХХ ХХХ инстаграмда суротторуго чеийин жарыяланып кеттиго
+1
admin_superstan
2018-07-30 14:50:02
Sultana17, такталбаган маалыматты жазууга тыюу салынган.
0
bibi87
2018-07-30 15:24:18
Эмнеси болсо да жаман болуптур
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан