Швейцариялык 20 жаштагы миллиардер социалдык тармак аркылуу түгөй издейт. Бул тууралуу батыш маалымат булактары жазып чыкты.
Белгилүү болгондой, миллиардер Эммануэль Фреденрич буга чейин атайын таанышуу сайттарынан, тиркемелерден кыздар менен таанышкан. Бирок жаш миллиардер олуттуу мамиле кургусу келген кыздарды жолуктура алган эмес. Мындан улам Эммануэль Фреденрич интернет желесиндеги популярдуу баракчаларга түгөйүн издөө максатында жарыя жайгаштырган. Ал кыздардын жашы 18ден 22 жашка чейин, Нью-Йорктогу Манхэттенде жашаган, массалык маалымдоо каражаттарында же жарнама адистиги боюнча иштеген, спорт менен алектенген, саякаттаганды жакшы көрүшү керек деген талаптарды койгон. Бул билдирүүнү жайгаштыргандан кийин жарым саат аралыгында Эммануэлдин дарегине 500дөн ашуун кат келген.
Айта кетсек, өзүн миллиардер деп тааныштырган Эммануэль Фреденрич америкалык "Forbes" журналындагы миллиардерлердин тизмегинде жок. Анын социалдык тармактагы баракчасында ал каржы жана маркетинг менен алектенери жазылган.